Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:24

Иса Өмүркулов сот өкүмүн күтүүдө


Октябрь райондук соту Бишкектин мурдагы мэри Иса Өмүркуловго жана бир катар мэрия кызматкерлерине өкүм чыгаруу боюнча кеңешме жүргүзүп жатат.

Өмүркулов баштаган мэриянын мурдагы кызматкерлери өкүмдү сот залында күтүп жатат. Мурдагы калаа башчысы сотто сүйлөгөн акыркы сөзүндө ага тагылган айып негизсиз экенин жана күнөөсү жоктугун айткан.

Өмүркулов мэр болуп турганда шаарда Жеңиш паркынын аянтын мыйзамсыз кыскарткан деп айыпталган болчу. Аны менен кошо шаар башкармалыгынын бир катар мурдагы кызматкери да соттолууда. Буга чейин мамлекеттик айыпталуучулар соттон Өмүркуловду 8 жылга эркинен ажыратууну суранышкан. (UEz)

XS
SM
MD
LG