Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:32

Сот Келдибековго Германияда дарыланууга уруксат берди


Коррупцияга шектелип жаткан Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, “Ата-Журт” фракциянын депутаты Акматбек Келдибековду бүгүн, Биринчи май райондук соту үй камагына чыгарып, Германияда дарыланууга уруксат берди. Бул чечим анын адвокатынын өтүнүчүнүн негизинде кабыл алынды.

Райондук соттун чечимине ылайык, Келдибековдун ден соолугу калыбына келгиче соттук териштирүүлөр убактылуу токтотулду.

Акматбек Келдибеков коррупция боюнча айыпталып, өткөн жылы ноябрда кармалган. Келдибеков өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет. (UEz)

XS
SM
MD
LG