ХАМАС кыймылы үстөмдүк кылган Газа тилкесинде үч жумадан ашык убакыттан бери Израил армиясы менен палестин согушчандарынын урушу жүрүп жаткан. БУУ жана АКШнын арачылыгы менен жетишилген гуманитардык элдешүү 1-августта жергиликтүү убакыт боюнча саат 8де башталды. Ал арада палестин бийликтери израилдик танк аткан снаряддан Газанын түштүгүндө төрт адам өлгөнүн кабарлады. Израил Газадагы чабуулун 8-июлда баштаган. Буга чейинки гуманитардык элдешүү эки жактын ок атууларынан улам бузулган. 8-июлдан бери 1450дөн ашуун палестиналык курман болгонун Газанын бийликтери маалымдашты. Израил тарап 61 жоокерин жана үч жаранын жоготту.
Израилдин айтымында, чабуул шаар-кыштактарды согушчандардын ракетадан аткылоосунан токтотууга багытталган.