Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:56

Палестиндер менен Израил элдешүүнү токтотту


Израил армиясынын аткылоосунан Газанын түштүгүндө кеминде 35 адам өлдү, 200дөй адам жарадар болду. Бул жөнүндө Палестин бийликтери билдирди. Израил бир жоокерин Газада палестин согушкерлери уурдап кеткендиктен элдешүү токтотулганын билдирди.

72 сааттык гуманитардык элдешүү 1-августта жергиликтүү убакыт боюнча саат 8де башталган болчу.

Газанын бийликтери маалымдашынча, Израил армиясы Газа секторунда 8-июлдан бери жүргүзүп жаткан чабуулда 1450дөн ашуун палестиналык курман болду. Израил тарап 61 жоокерин жана үч жаранын жоготту.

Израилдин билдиришинче, чабуул шаар-кыштактарды согушчандардын ракетадан аткылоосунан токтотууну көздөйт.

XS
SM
MD
LG