Палестин бийликтеринин билдиришинче, эледшүү бузулгандан кийин Израил армиясынын аткылоосунан Газанын түштүгүндө кеминде 35 адам өлдү, 200дөй адам жарадар болду. Газа тилкесинде жашаган Мухаммед Хамдан Ройтерс агенттигине Рафадагы ооруканада берген интервьюда: “Бизди чакырып, эртең менен саат 8де элдешүү башталды дешти. Биз үйбүзгө келип, буюмдарыбызды иреттеп жатсак, алар биздин үйлөрүбүздү аткылай башташты, бардык үйлөргө сокку урушту,” - деди.
Израил өкмөтүнүн басма сөз өкүлү Марк Регев элдешүүнүн токтотулуш себебин мындай түшүндүрдү: "Тилеке каршы, саат 9:30да, элдешүү башталгандан 1, 5 сааттан кийин ХАМАСтын күчтөрү биздин аскерлер тарапты аткылай баштады жана элдешүүнүн шартын түздөн-түз бузду. Израилдик аскер да ууралды. Биздин күчтөр ок атып жооп берди."
72 сааттык гуманитардык элдешүү 1-августта жергиликтүү убакыт боюнча саат 8де башталган болчу.