Жакын арада Украинага жиберилчү аскерий техниканын жалпы суммасы 8 миллион долларга барабар. Бул тууралуу АКШнын коргоо министри жума күнү билдирди. Жардам катары берилип жаткан каражаттардын арасында бронотранспортерлор, жүк жана патруль унаалары, турнабайлар, түнкү жарык берүүчү аскерий техникалар бар.
Пентагон ошондой эле Украинанын улуттук гвардиясына 19 миллион долларлык жардам көрсөтүү боюнча планды даярдады. Ага ылайык, жаңы жылдын башынан тарта америкалык адистер улуттук гвардияга келип аскерлерди окута баштайт.
Кошмо штаттар азырынча Киевге курал-жарак берүү боюнча чечкиндүү кадамга бара элек. (SE)