Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 00:29

Жаштар борборлорунун II республикалык форуму өтүп жатат


Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги өлкө аймагында иш жүргүзүп жаткан жаштар борборлорунун II республикалык форумун уюштурду. Иш-чара 1-августта Ош шаарында башталган. Ага Кыргызстандын ар кыл аймактарындагы 45 жаштар борборунан өкүлдөр катышууда. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.

Форумда негизинен борборлордун туруктуулугун камсыздоо темасы талкууланууда. Эки күндүк жыйында түшкөн суроо-сунуштардын негизинде атайын иш-план даярдалат.

Министрликтин алдында уюштурулган жаштар борборлору 2011-жылдан бери иш жүргүзүп келет. Жумуштарды негизинен эл аралык уюмдардын грантынын негизинде аткарышат. (SE)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG