Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:38

Бүгүн “Оймо” фестивалы аяктайт


Борбор Азиядагы уз-чеберлердин, кол өнөрчүлөрдүн башын бириктирген “Оймо” эл аралык фестивалы бүгүн Чолпон-Ата шаарында аяктайт. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрүнөн 150дөй уз-чеберлер катышууда. Фестивалдын алгачкы бөлүгү 25-27-июлда Бишкекте өткөн. 28-июлда кол өнөрчүлөр Ысык-Көлгө - фестивалдын экинчи бөлүгүнө кеткен.

Иш-чаранын алкагында чеберлер тиккен буюмдардын жармаңкеси жана каалоочулар үчүн атайын сабактар уюштурулган. Фестиваль быйыл 9-жолу өтүп жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG