1-август күнү Сүлүктүдөгү менчик көмүр казган шахталардын биринде кырсыктан бир киши каза тапты. Айдоочу көмүр жүктөтүп жаткан учурда машиненин үстүнө кокустан кулап кетип, темирге башы тийген. Бул тууралуу облустук экотехинспекциядан «Азаттыкка» билдиришти.
Маалыматты Сүлүктү шаарынын мэри Закир Ибрагимов да тастыктады. Мэрдин айтымында, жыл башынан бери Сүлүктү шаар аймагындагы шахталарда 4 киши ар түрдүү кырсыктан каза тапкан.
Баткенде көмүр казуучу жайлардагы кокустуктардан буга чейин да адам өмүрү кыйылган учурлар көп болгон. (JsA)