Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:29

Түштүк Кореяда кыргыз жараны автокырсыктан мерт кетти


Сувон шаарында 31-июль күнү түнкүсүн унаа кырсыгына кабылган төрт кыргыз жаранынын бири каза тапты. Экөө оор абалда ооруканада жатат. Бир киши медициналык жардам алгандан соң бейтапканадан чыгарылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Түштүк Кореядагы кыргыздардын “Аманат” кайрымдуулук фондунун өкүлү Медетбек Макенов билдирди.

Ал жактагы кыргызстандыктар элчилик менен бирге маркумду үйүнө жиберүү аракеттерин көрүп жатат. “Аманат” фонду жана башка мигранттар каражат топтоодо.

Маркумдун аты-жөнү айтыла элек. Сөөктү жакында Ташкент аркылуу Кыргызстанга алып келишет. (SE)

XS
SM
MD
LG