Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:26

Нарында кытайлар орнотуп жаткан мамылардын темирлери уурдалууда


“Датка-Кемин” линиясы үчүн кытайлык компания орнотуп жаткан темир мамылардын бөлүкчөлөрү Нарындын Жумгал жана Кочкор райондорунда жергиликтүү тургундар тарабынан уурдалып кетүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Улуттук электр тармагы” ишканасынын басма сөз катчысы Элзада Саркашкаева билдирди. Анын айтымында, шаймандардын уурдалганынан улам жумушту улантуу мүмкүн болбой жатат.

- 5-12-август күндөрү ошол жерде орнотулган мурдагы 110 КвТ жогорку чыңалуудагы линияларды өчүрүп, жаңы – 500 КвТ линияларды тартып чыгышмак. Бул тууралуу жергиликтүүлөргө кабарланган. Темир шаймандар уурдалып, эми иш улантылбай турган болуп турат. Ошондуктан, элге кайрылат элек, алган темирлерди кайра артына кайтарышса, жумуштар убагында бүтүп калмак,- дейт Саркашкаева.

“Датка-Кемин” жогорку чыңалуудагы электр зымын тартуу Кытайдан алынган 389 миллион доллар насыяга кытайлык компания тарабынан ишке ашырылып жатат. Ал 2015-жылга чейин курулуп бүтөрү кабарланган. (SE)

XS
SM
MD
LG