Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:57

Азербайжан Тоолуу Карабахта төрт аскеринен айрылганын билдирди


Азербайжандын Коргоо министрлиги Тоолуу Карабахта төрт азери аскери 2-августта жикчилер тарабынан өлтүрүлгөнүн маалымдады. Мекеменин билдирүүсүндө жоокерлер Агдам-Тертер районунда жүргүзүлүп жаткан операцияда “армяндардын диверсиялык тобу” менен салгылашуу учурунда каза тапканы айтылат.

Соңку күндөрү Карабахта азери жана армян күчтөрүнүн жаңжалы олуттуу мүнөзгө өтө баштады. Акыркы үч күн ичинде эле Азербайжан армиясы 8 аскерин жоготту. Армян бийлиги 2 жоокерин жоготконун маалымдады.

Калк жагынан армяндар үстөмдүк кылган Тоолуу Карабах Азербайжандан 1990-жылдардын башындагы согуштан кийин ажырап кеткен. Ошондон бери бул аймактын саясий келечеги боюнча армяндар менен азербайжандар эки башка көз карашты карманып келишет. (SE)

XS
SM
MD
LG