Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:31

Чек арада буулган жол ачылды


Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан улам тажик жарандары тарабынан Кожалы айылындагы буулган жол ачылды. Абалды күч кызматкерлери көзөмөлдөп турат. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Баткен жана Исфара (Тажикстан) райондорунун жетекчилери жолугуп сүйлөшкөн соң, Тажикстан кыргыз дыйкандарына келтирилген зыян үчүн 10 миң сом төлөп бермей болду. Андан сырткары, Кожалы айылында талкаланган кыргызстандыктардын унааларын да оңдоп берүүнү убада кылышты.

Чек ара кызматы билдиргендей, бүгүн эртең менен кыргызстандык дыйкандардын үлүш жерине тажик жарандары келип, эгилген жүгөрү жана башка жемиштерди жыйнай баштаган. Ортодо чыр чыгып, тажиктердин Кожалы айылында тажик жарандары кыргызстандыктар айдап бараткан бир жеңил унаа менен бир жүк машинесинин айнектерин талкалашкан.

Андан соң Тажикстандын бир топ тургундары Кожалы айылынан Ак-Сайга жана Ворух анклавына барчу жолду бууп коюшкан. (SE)

XS
SM
MD
LG