Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:35

Кытайдагы жарылуу 68 кишинин өмүрүн алды


Кытайдын чыгышында, Шанхай шаарынан анча алыс эмес жердеги заводдо болгон жарылуудан 68 адам өлдү, 100дөн ашуун киши жараат алды. Жарылуу Цзянсу провинциясында америкалык машинелер үчүн руль иштеп чыгарган заводдо бүгүн 2-августта эртең менен катталды.

Жарылуунун кулак тундурган үнү эки километр алыска чейин угулганы, майдаланган айнек бөлүктөрү заводдон 500 метр нары чачылганы айтылууда.

Алдын-ала маалыматтарга ылайык, кырсыкка өрт коопсуздугунун сакталбашы себеп болгон. Заводдун айрым жетекчилери кармалып, сурак берүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG