Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:52

Каракол мэриясынын аппарат жетекчисине байланыштуу чырлуу тасма чыкты


Интернетке Каракол мэриясынын аппарат жетекчиси Абай Алымкуловго байланыштуу чуулуу тасма жайылды. Анда Алымкулов жашап жаткан батири үчүн 41 миң сом төлөбөй жатканы айтылат. Тасманы үй ээси Алина Кавжи интернетке жайгаштырган.

Маалым болгондой, аппарат жетекчи 2013-жылы ижарага 3 бөлмөлүү батир алган. Быйыл апрель айынан бери акысын төлөбөй, карыз 40 миң сомдон ашкан. Андан сырткары, коммуналдык төлөмдөрдүн карызы да топтолуп калган. Ошондой эле үй ичи таштандыга толуп турганы көрсөтүлгөн.

Интернеттеги тасмада үй ээси менен Алымкуловдун жаңжалдашканы, аппарат жетекчи ижара келишимин мэрия түзгөндүктөн, маселени шаар бийлиги чечиши керектигин айткан сөздөрү жазылган. Аппарат жетекчинин айтымында, төлөм жагы мэрияга жүктөлгөн. (SE)

XS
SM
MD
LG