Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:58

Келдибеков Германияга кете элек


Жогорку Кеңештин “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Акматбек Келдибеков Германияга дарыланууга кете элек. Учурда Бишкекте акыркы дарылоо курстарынан өтүп жатат, анан чет элге жөнөйт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Келдибековдун партиялашы Надира Нарматова билдирди.

Жума күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту Акматбек Келдибековду үй камагына бошотуп, Германияга барып дарыланып келүү чечимин чыгарган. Келдибековдун ден соолугу калыбына келгиче соттук териштирүүлөр да убактылуу токтотулган.

"Коррупция" жана "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айыпталган Келдибеков өткөн жылдын күзүнөн бери камакта болчу. Бул аралыкта ал буту жана колунан төрт жолу операция болду.

Айрым серепчилер соттун чечими туура эмес болгонун, депутат ошондон нары Кыргызстанга келбей коюшу мүмкүн экенин айтып жатышат. (SE)

XS
SM
MD
LG