Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:41

Израил Газадан айрым аскерлерин чыгара баштады


3-августта Израил Газа тилкесиндеги айрым аскерлерин чыгара баштады, бирок аба чабуулдары уланып, кеминде тогуз палестиналык мерт болду. Израил армиясынын башчысы жекшембиде эртең менен аскерлердин көпчүлүгү мекенине кайтып келгенин билдирди.

Израил өкмөт башчысы Бенямин Нетаньяху ХАМАС уюму ракета атууларын жана туннелдер аркылуу кол салууларды тыйган учурда гана соккулар токтотуларын билдирди. Ал арада ХАМАС өкүлдөрү бүгүн Каирге Египеттин жана АКШнын чиновниктери менен жолугуп, гуманитардык тыныгуулар боюнча сүйлөшүү жүргүзүү үчүн жөнөп кетти. Израил тараптан аталган сүйлөшүүгө эч ким барган жок.

1-август күнү АКШ жана БУУнун кийлигишүүсү менен жарыяланган 72 сааттык тыныгуудан көп өтпөй эле ХАМАС уюму кайра аткылоолорду баштаган.

Дээрлик төрт аптадан бери Газа тилкесинде уланып жаткан согушта 1700дөн ашуун палестиналык мерт кетти. Алардын көбү жайкын тургундар. Израил үч жаранын жана 67 аскерин жоготту. (SE)

XS
SM
MD
LG