Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:19

Украинанын чыгышында аскерий аракеттер уланууда


Өткөн суткада өкмөт күчтөрү менен орусиячыл жикчилердин куралдуу салгылашуулары уланды. Луганск шаарындагы ок атуулар учурунда 3 жайкын тургун каза болуп, 8 киши жараат алды. Бул тууралуу калаа мэри Сергей Кравченконун сайтында жазылды. Көптөгөн кабаттуу үйлөрдө суу жок, канализация иштебей турат. Газ да берилбей жатат.

“Град” ок атуучу каражатынан Стукалова Балка жана Сабовка калктуу конуштарына жакын жайгашкан тосмо-пост аткыланганы кабарланууда. Ошондой эле Земляное конушуна коюлган тосмого да ок атылган. Атайын операциялар боюнча штаб аскерлер арасында жоготуулар жок экенин билдирди.

Донецк шаарынын тургундары калаа ичинде оор техникалар жүргөнүн, жардыруу үндөрү угулганын айтууда. Артиллериялык снаряд Петров районундагы орто мектепке бир аз зыян келтирди. Мектепке жакын жердеги курулушу бүтпөгөн имарат кыйрады. Шаар бийлиги адамдар арасында курмандыктар жок экенин маалымдады. (SE)

XS
SM
MD
LG