Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:20

Орусиянын “Добролёт” авиакомпаниясы санкциялардан улам учууларды токтотту


Дүйшөмбүдөн тарта каттамдарын токтоткон авиаишкана мунун себеби Европа жана Батыш тарабынан Орусияга киргизилип жаткан санкцияларга байланыштуу экенин айтты.

Санкциялардан улам ишкананын бир катар европалык өнөктөштөрү өз милдеттерин аткаруудан баш тарткан.

“Аэрофлот” ишканасына таандык “Добролёт” компаниясы быйыл июнь айында коммерциялык негизде иштей баштаган.

Евробиримдик Украинадагы абалга байланыштуу соңку күндөрү Орусияга карата санкцияларды күчөткөн. (SE)

XS
SM
MD
LG