Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:49

Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик чек арасында абал тынч


2-августта чыр чыккан Баткендин Ак-Сай айыл аймагындагы кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу. Бул тууралуу “Азаттыкка” Чек ара кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, учурда аталган аймактагы абалды чек арачылар көзөмөлдөп турушат. Чек арадагы чыр боюнча учурда иликтөө жүрүп жатат.

2-августта Ак-Сай айылында кыргыз жана тажик жарандары ортосунда чыр чыккан. Анда тажикстандыктардын мал-жандыктары кыргыз тарапка өтүп, эгиндерди жеп салган. Малды кыргыз чек арачылары кармап алган. Андан соң тажик жарандары кыргызстандыктар айдап бараткан бир жеңил унаанын айнектерин талкалашкан.(BkA)

XS
SM
MD
LG