Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:23

Бирдиктүү мектеп формасына өтүү тапшырмасы берилди


Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты. Министрликтин маалымат катчысы Амантур Акматов билдиргендей, учурда бардык аймактардагы мектептерге тиешелүү тапшырма берилди. Ага ылайык, быйылкы жаңы окуу жылында окуучулардын каалоосуна жараша бирдиктүү формага өткөрүлмөкчү. Бул даярдыкка аз гана убакыт калганы менен байланыштуу болууда.

Ал эми 2015-жылы күздөн тарта бирдиктүү форма милдеттүү түрдө киргизилмекчи. Анын баасы 2000 сомдон жогору болбойт. Форманы тигүү цехтери атайын техникалык стандарттарды сактоо менен формаларды тигип, базарга алып чыгат. Мамлекеттик органдар анын сапатын жана баасын көзөмөлгө алышы зарыл.

Буга чейин Бишкекте мектеп формаларынын эскиздери боюнча сынак жарыяланып, анын жыйынтыгы менен ыңгайлуу делген форма тандалып алынган.(BkA)

XS
SM
MD
LG