Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:57

Кытайдагы жер титирөөдөн жабыркагандарды куткаруу уланууда


Кытайдын түштүк-батышындагы зилзаладан жабыркагандарды кыйраган имараттардын алдынан издөө улантылууда. Күчтүү жер титирөөдөн 400 адамдын өмүрү кыйылып, 1800дөн ашыгы жаракат алды.

Учурда куткаруучулар зилзаланын очогу катталган Юньнан аймагында жана коңшу Гуйчжоу менен Сычуан провинцияларында кызуу иштешүүдө. Куткаруу иштерине нөшөрлөгөн жаан тоскоол болууда.

Мамлекеттик маалымат каражаттары жер титирөөдөн 12 миң имарат толугу менен кыйраганын жазышты.

3-август күнү түштөн кийин болгон зилзаланын күчү очогунда Рихтер таякчасы боюнча 6,1 баллга жеткен.

Бийликтер кыйроо болгон аймакка керектүү каражаттар менен 2500ден ашуун аскер, полициянын жана өрт өчүрүүчүлөрдүн кошумча күчтөрүн жөнөттү.

XS
SM
MD
LG