Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:50

Израил Газага сокку урууну улантууда


Израил 7 саатка бир тараптуу ок атууну токтоторун жар салганына карабай, Газа тилкесине сокку урууну улантууда. Мындай чечим тилкедеги БУУнун мектебине сокку ургандан кийин эл аралык коомчулук нааразылыгын билдирген соң кабыл алынганы айтылган. Палестиндердин ХАМАС кыймылы ок атууну токтотууга кошулбай турганын билдирип, Газанын тургундарын этият болууга чакырды. Израил ок атууну бүгүн Бишкек убактысы боюнча 13.00 баштаарын жарыя кылган. Бирок палестиналык медиктер абадан урулган соккудан 30 адамдын жарат алганын билдиришти. Дагы бир соккудан Ислам жихады тобунун кыймылынын кол башчысы Данил Мансур мерт кеткени да кабарланды. Ислам жихады тобу ХАМАС уюмунун жакынкы союздаштарынын бири.

XS
SM
MD
LG