Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:33

Аскар Акаевдин уулу Илим Акаев Кыргызстанга келди


Туңгуч президенттин өзүнүн келер-келбеси так эмес болууда. Анын кичүү баласы атасынын бир тууган агасына топурак салуу үчүн бүгүн эртең менен саат бештерде “Манас” аэропортуна келип конгонун кабарчыбыз маалымдады. Аны мурдагы премьер-министр Кубанычбек Жумалиев баш болгон үч-төрт киши тосуп алды.

9 жыл мурун бийликтен кулаган Акаев бир тууганынын жаназасына катышуу үчүн бүгүн таң эрте Кыргызстанга өзү келерин анын жакын адамдарды кабарлашкан болчу.

Аскар Акаевдин агасы Болот Акаев 3-августта 82 жашында каза болгон.

Акаев 2005-жылы бийликтен кулатылгандан кийин үй-бүлөсү менен өлкөдөн качып кеткен. Учурда Москвада жашайт. Март ыңкылабынан соң туңгуч президентке карата кылмыш иши ачылып, кийинчерээк токтотулган. 2010–жылы анын кол тийбестик макамы алынган. (SE\UeZ)

XS
SM
MD
LG