Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:31

Тоолуу Карабактагы салгылашууда 20 киши каза болгону кабарланды


Тоолуу Карабакта армян жана азери аскерлеринин ортосундагы жаңжал уланып жатат. Жергиликтүү маалымат булактары салгылашуудан 20 киши көз жумганын кабарлады. АКШ, Орусия жана Евробиримдик эки тарапка тең урушту токтотуу зарылдыгын эскертти. Куралдуу кагылыштын чыгышына Азербайжан менен Армения бири бирин күнөөлөп жатат.

Ал арада Армениянын өкмөт башчысы апта соңунда эки мамлекет лидерлери Сочи шаарында жолугуп, абалды талкууларын маалымдады. Бирок Баку муну тастыктай элек.

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Армения президенти Серж Саргсян жана Азербайжан мамлекет башчысы Гейдар Алиев Сочиге келерин билдирип, бирок алар президент Владимир Путин менен өз өзүнчө жолугарын белгиледи. (SE)

XS
SM
MD
LG