Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:14

Вашингтон Москванын чек арадагы аскерий машыгууларына тынчсызданды


АКШ Орусия армиясы Украина менен чектеш аймакта ири аскерий машыгуу өткөрүп жатышына тынчсызданат. Бул тууралуу дүйшөмбүдө Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Жен Псаки билдирди.

Анын айтымында, бул машыгуулар ансыз деле Чыгыш Украинада чыңалып турган абалды курчутуп жибериши ыктымал.

Псаки расмий Москваны буга чейин айткан убадаларын аткарбай жатканы үчүн сындады. Май айында орус бийликтери жазгы машыгуулардан кийин аскерлерин Украина менен чектеш аймактардан алып чыгып кетишерин билдирген болчу.

Орусиянын 4-8-августка белгиленген ири аскерий машыгууларынын жарымы Украина менен чектеш аймакта өтө тургандыгы, анда Коргоо министрлигинин 100дөн ашык учагы катышаары кечээ кабарланган. (SE)

XS
SM
MD
LG