Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:17

АКШ Газадагы гуманитардык тыныгууну алкыштады


АКШ бийлиги Израил жана Палестин расмийлеринин ортосунда түзүлгөн ок атышууларды үч күнгө токтотуу келишимин алкыштады.

72 сааттык тыныгуу 5-августта жергиликтүү убакыт боюнча саат 8де башталат.

АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисинин орунбасары Тони Блинкен бул макулдашуу соккуларды токтотууну дагы да узагыраак создуктурууга негиз болорун белгиледи.

Израил бийлиги аткылашууну токтотуу боюнча сүйлөшүү үчүн Египетке өкүл жиберерүүгөмакул экендигин билдирди.

Жаңы макулдашуу жети сааттык гуманитардык тыныгуу бүтүп, Израил Газа тилкесине кайра ок атып баштагандан кийин жарыяланды.

Израил менен ХАМАС эктремисттик тобунун ортосунда бир айдан бери жүрүп жаткан согушда мерт кеткен палестиналыктардын саны 1800дөн ашты. Көпчүлүгү жайкын тургундар. Израил 64 аскерин жана төрт жаранын жоготту. (SE)

XS
SM
MD
LG