Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:58

Орусия европалык авиакомпаниялардын аба каттамдарын чектеши мүмкүн


Бул тууралуу өз булактарына таянып «Ведомости» басылмасы жазып чыкты. Кремль Европадан Азияга Орусиянын аба мейкиндиги аркылуу учкан каттамдарды АКШ менен Евробиримдиктин акыркы санкцияларына жооп катары чектөөнү көздөп жатат.

“Ведомости” басылмасы учурда бул боюнча министрликтердин деңгээлинде сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын жазды. Акыркы чечимди өкмөт кабыл алат. Ал арада премьер-министрдин маалымат катчысы Наталья Тимакова өкмөттүн аппаратына мындай сунуш түшө электигин билдирди.

Европадан Азияга учкан көп авиакомпаниялар эң кыска деп эсептелген «Транссибирь” аба жолун басат, ал үчүн “Аэрофлотко” ири каражат бөлүп турушат.

Бул транзит аркылуу Lufthansa, British Airways, Air France жана башка чоң компаниялардын учактары учушат.

“Аэрофлоттун” расмий өкүлү маалымат берүүдөн баш тартты.

XS
SM
MD
LG