Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:26

Иранда абакта чыккан өрт 11 адамдын өмүрүн алды


Жергиликтүү бийлик өкүлү Абдулла Мусави маалымдагандай 5-августта өлкөнүн Бахтияри аймагындагы абакта тутанган өрттөн улам камактагы 11 адам набыт болду.

Иран маалымат каражаттары бир нече адам жабыркаганын жазып чыгышты. Мусави өрттүн чыгышы иликтенип жатканын айтты.

Башкалардын айтымында өрттүн чыгышына түрмө кароолунун саясатына макул болбогон камактагылардын жууркан-төшөктөрүн өрттөшү себеп болгон.

XS
SM
MD
LG