Линктер

жума, 22-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:42

Манчестерде учактагыларды “жалган бомба” менен коркуткан жаран кармалды


Шейшемби күнү Манчестер аэропортуна бомба орнотулган деп шектелген Катардын учагы ийгиликтүү конду. Учкучтун жардыргыч зат жөнүндө күмөндүү билдирүүсүнөн соң учак британиянын истребителинин коштоосунда аэропортко келди. Жүргүнчүлөрдүн баары аман.

Полиция жардыргыч зат тууралуу жалган айтып, борттогуларды коркуткан жаранды кармады.

Qatar Airways компаниясына таандык аба лайнери Доха шаарынан Манчестерге учкан болчу. (SE)

XS
SM
MD
LG