Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:17

Ооганстанда америкалык генерал өлтүрүлдү


Кабул шаарындагы аскерий борборго жасалган чабуулда америкалык генерал каза таап, 15 адам жаракат алды. Арасында германиялык бир генерал менен африкалык эки офицер бар.

Генералдын өлүмүн АКШнын Коргоо министрлиги тастыктады, бирок аты-жөнү айтыла элек. Бул ооган жергесинде 2001-жылдан бери өлтүрүлгөн биринчи жогорку кызматтагы адам.

Пентагон тараткан кабарга ылайык, чабуулду ооган аскерий кийиминдеги адам жасаган. Аткылоо НАТО офицерлери борборго келген учурда башталган. (SE)

XS
SM
MD
LG