Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:02

Дагестанда полиция кызматкери согушкерлердин огунан мерт кетти


Жергиликтүү укук коргоо мекемелери тараткан маалыматка ылайык, Шамил районунда белгисиз кишилер 5-август күнү полициянын унаасын окко туткан. Натыйжада унаа башкарып бараткан күч кызматкери көз жумган.

Жергиликтүү бийлик полицияга аскерий даярдыкты күчөтүүнү буйруду. Ок чыгаргандар кармала элек.

Орусияга караштуу Түндүк Кавказдагы Дагестан Республикасы эң тынчсыз аймактардын бири болуп саналат. Бул жерде ислам радикал уюмдарынын өкүлдөрү бир топ жылдан бери түрдүү кылмыштарды жасап келишет. (SE)

XS
SM
MD
LG