Кечээ эл аралык коалиция күчтөрүнүн аскерлерине болгон кол салуудан мерт кеткен генералдын ысымы белгилүү болду. 55 жаштагы Гарольд Грин америкалык күчтөр Ооганстанга киргенден берки 13 жыл ичинде өлтүрүлгөн эң жогорку аскер кызматкери.
Пентагондун өкүлү билдиргендей, аскерлерге ок чыгарган ооган армиясынын жоокери ошол жердеги атышуудан каза тапкан.
Кабулдун батышындагы машыгуу лагеринин биринде болгон кечээ күнкү окуядан НАТО күчтөрүнүн 15тей аскери жарадар болду. Алардын арасында немис аскер күчтөрүнүн генералы, ооган армиясынын үч өкүлү да бар экени маалым болду.