Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

Орусиялыктарда Батышты жек көрүү маанайы күч алды


Бул тууралуу «Левада- центр” иликтөө борбору билдирди. Алар атайын сурамжылоо өткөрүп, ага бир жарым миң адам катышкан.

Адистердин айтымында азыр орусиялыктарда бир эле АКШга эмес, Европа өлкөлөрүнө дагы жек көрүү өсө баштаган.

“Левада- центрдын" башчысы Лев Гудков белгилегендей, сурамжылоого катышкандардын 74%ы Американы жаман көрөөрүн айтышкан, 60%ы болсо Европа өлкөлөрүнө терс көз карашта экенин билдиришкен.

Эксперттердин айтымында мындай терс мамиле акыркы 20 жылдын ичинде катталган эмес.

Социологдор элдин пикири жалпыга маалымдоо каражаттарынан түптөлөөрүн айтышат. Сурамжылоого катышкандардын жарымынан көбү акыркы окуяларды толук түшүнбөй жатканын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG