Бүгүн саламаттыкты сактоо жаатындагы экперттер эбола вирусу менен күрөшүү жолдорун талкуулоо үчүн шашылыш жыйынга чогулушту.
Женевада өтө турган эки күндүк иш-чарада эксперттер “вирустун жайылышынан улам өзгөчө абал жарыялоо керекпи” деген маселени талкуулашат. Эгер мындай абал жарыяланып калса, анда эбола тараган өлкөлөргө каттамдар токтотулуп, кирүүгө тыюу салынат.
Февралда тутанган эбола тумоосу Батыш Африканын Cьерра-Леоне, Гвинея, Нигерия жана Либерия өлкөлөрүнө тарап, 900дөй адамдын өмүрүн алды.