Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:31

Жалал-Абадда социалдык мекемелер толугу менен отунга өткөрүлөт

Шаардагы билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин жылытуу системалары быйыл отун менен гана ысытылат. Бул тууралуу вице-мэр Турдалы Темирбаев "Азаттыкка" билдирди.

Кышкысын кафе-ресторандарга жана мончолорго электр энергиясын колдонууга чектөө киргизилет.

Жалал-Абад шаарына учурда көгүлтүр от Кочкор-Атадагы мунай ишканасынан келет. Күздөн тарта жылуулукка талап күчөп, газ токтотулары буга чейин кабарланган.

Быйыл өкмөт Ош жана Жалал-Абадды жылуулук менен камсыздоо үчүн жакында 261 миллион сом бюджеттик ссуда бөлгөн. (RsK)

XS
SM
MD
LG