Шаардык мэрия “Каракөл үнү” коомдук-саясий гезитинин ишин токтотуу боюнча сотко кайрылганы жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” вице-мэр Гүлмира Сатарова билдирди. Калаа жетекчилиги муну басылманын ишине нааразы болгон окурмандар көп экени менен негиздейт.
Ал эми гезит редактору Жолдошбек Алиев жагдайды бийликке карата жарыяланган сын-макалаларга байланыштырууда.
“Каракөл үнү” жеке менчик гезити 1998-жылдан бери жарык көрөт. (RsK)