Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:44

Орусия жана Казакстанга эки миңден ашык жумушчу тандалууда


Бул тууралуу Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, министрликке Орусиянын Санкт-Петербург шаардык эмгек ресурстар борбору калаага 1700гө жакын жумушчу керек экенин айтып кайрылган. Анда негизинен курулушчулар, тигүүчүлөр жана электровоз-тепловоз айдоочусу сыяктуу кесип ээлери талап кылынган.

Мындан сырткары министрлик Казакстандагы “Базис” компаниясы менен 500 жумушчуну жиберүү боюнча келишим түздү. Келишимге ылайык, Астана шаарына курулушчу, электрик, тазалык кызматкерлери жөнөтүлмөкчү.

Учурда Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине караштуу жарандарды ишке орноштуруу борбору аталган вакансияларга жумушчуларды кабыл алып жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG