Ирак авиациясы түндүктөгү Мосул шаарындагы Ислам мамлекетинин согушчандарынын өңүттөрүнө сокку урду. Согушчандардын өңүттөрүнө күрт күчтөрү да чабуул койду. 6-августтагы авиачабуулдан бери дегенде 60 адам өлгөнүн Ирактын аскер жетекчилиги билдирди. Мосул Ирактын экинчи чоң шаары. Ислам мамлекети уюму шаарда шарият сотун орноткон. Күртистан автономиясынын аскерий командачылыгы Күртистан жумушчу партиясы жана Сириядагы күрт топтору менен чогуу Ирактын түндүгүндө согушчандарга каршы согушабыз деп макулдашылганын маалымдады. Мосул регионундагы Күртистан патриоттук союзунун башчысы Галло Пенжвенинин билдиришинче, түрдүү күрт күчтөрү Сижар шаарынан качкан он миңдеген езуддарга (Жакынкы Чыгыштагы улуттук азчылык) коопсуздук коридорун ачуу үчүн Ислам мамлекетинин согушчандарына каршы контрчабуулга өтүштү.