Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:01

Москва Батыштан азык-түлүк импорттоого тыюу салды


Орусиянын билдиришинче, АКШ, Европа биримдиги, Австралия, Канада жана Норвегиядан сатып алынчу азык-түлүктүн көпчүлүк түрүнө эмбарго киргизилди. Уй эти, чочко эти, канаттуулар эти, балык, сыр, сүт жана сүт азыктары, мөмө жана жашылча-жемиштерин импорттоого тыюу салуу Москванын Батыштын санкцияларына берген жообу болду. Премьер-министр Дмитрий Медведевдин айтымында, 7-августта киргизилген эмбарго бир жылга созулат. АКШ Москванын тамак-ашты импорттоого тыюу салуусу Орусиянын эл аралык обочолонуусун дагы тереңдетет деп эскерткен 6-августта.

Батыш Москванын Украинадагы саясатына байланыштуу Орусияга каршы бир катар санкцияларды киргизген болчу.

Медведевдин айтышынча, Батыш авиакомпанияларынын Орусиянын аба мейкиндиги аркылуу Азияга каттоосуна тыюу салуу жагы да каралууда. Бул кадам билеттердин баасын жана учуу мөөнөтүн олуттуу көбөйтмөк.

XS
SM
MD
LG