Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:30

“Манас” аэропортун өнүктүрүү боюнча 10 компаниядан сунуш түштү


“Манас” аэропортуна инвестор тартуу багытында 10 компаниядан сунуш түштү. Бул тууралуу аталган аэропорттун вице-президенти Дайыр Токобаев кабарлады. Анын айтымында, сунуш бергендердин арасында Орусия, Кытай, Түркиянын компаниялары бар. Учурда келип түшкөн сунуштардын баары өкмөткө жөнөтүлдү. Учурда өкмөт сунуштарды карап жатат. Сентябрь айына жакын бул боюнча чечим кабыл алынышы күтүлүп жатканын Токобаев кошумчалады.

“Манас” аэропортун өнүктүрүү боюнча инвестиция тартуу аракети акыркы бир жылдан бери уланып келет. Буга АКШнын Транзиттик жүк ташуу борбору чыгарылышы себеп болду. Ага чейин кыргыз өкмөтү "Манастын" акцияларынын 51 пайызын "Роснефть" ишканасына өткөрүп берүү боюнча меморандумга кол койгон. Бирок бул коомчулуктун кескин сынына кабылган. Андан соң “Роснефть" аталган меморандумдан баш тартканы белгилүү болгон.(BkA)

XS
SM
MD
LG