Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:24

Жалал-Абадда тоютту сыртка чыгарбоо тапшырмасы берилди


Облус аймагында тоют тартыштыгын жоюу максатында аймактарда тоютту сыртка чыгарбоо үчүн айыл өкмөттөргө протоколдук тапшырма берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын бөлүм башчысы Ажимамат Исаев "Азатыкка" билдирди. Анын айтымында, кышка карата аймакта 693 миң тонна тоют керектелсе, азыр анын болгону 44 пайызы гана жыйналды. Ошондой эле экинчи түшүм үчүн тоют камдоо алкагында дыйкандарга тез жетилүүчү жүгөрү сунушталып жатканын Исаев кошумчалады.

Жалал-Абад облусунун аймагында эсептөөлөргө караганда 260 миң кара мал, 1 млн. 250 миң кой-эчки жана 56 миң баш жылкы каттоодон өткөн. (RsK)

XS
SM
MD
LG