Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:09

Сноуден дагы 3 жыл Орусияда калат


АКШлык качкын Эдвард Сноуден Орусияда үч жыл жашаганга уруксат алды. Бул жөнүндө Сноудендин адвокаты Анатолий Кучерна 7-августта Москвада жарыя кылды. Анын айтымында, уруксат 1-августтан күчүнө кирет жана Сноуден өлкө ичинде эркин жүрүп, чет өлкөгө чыга алат.

Сноуденге Орусия 2013-жылы августта убактылуу башпаанек берген. Мурда АКШнын Улуттук чалгындоо кызматында иштеген Эдвард Сноуден былтыр Вашингтондун жашыруун электрондук көзөмөлдөө программасын, анын ичинде чет өлкөлөрдүн лидерлеринин телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшаганын ашкере кылган.

АКШ бийликтери Сноуденди жашыруун материалдарды ачыкка чыгарды деп жоопко тартууну каалайт.

XS
SM
MD
LG