Камбоджа компартиясынын мурдакы эки лидери өмүр бою эркинен ажыратылды. Сот Пномпенде Улуттар уюмунун жетеги астында өттү. Камбоджанын мурдагы мамлекет башчысы, 83 жаштагы Нуон Чеа жана Компартиянын мурдагы идеологу, 88 жаштагы Кхиеу Сампхон адамзатка каршы кылмыш жасаган жана башка мыйзамсыздактарга барган деп табылды.
“Кызыл кхмерлер” деп аталган коммунисттердин лидери Пол Пот 1975-79-жылдары Камбоджаны башкарып турганда өлкөдө динге тыюу салынып, мектептер жабылган, акча жүгүртүүдөн алынган. Нааразылар аёосуз жазаланган. Бул жылдары 1, 4 миллиондон 2, 2 миллионго чейин адам кырылган.