Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:47

НАТОнун баш катчысы Киевде жүрөт


НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен Украинанын жетекчилиги менен Киевде сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Ал 7-августта премьер-министр Арсений Яценюк жана парламент төрагасы Александр Турчинов менен жолугушту. Эми президент Петро Порошенко менен да кездешет. Украинанын тышкы иштер министрлиги Расмуссендин визитин НАТОнун саясый колдоосун көрсөткөн маанилүү окуя деп сыпатады.

Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун байкоочулар миссиясынын башчысынын милдетин аткаруучу Пол Ричард 7-июлда Орусиянын Ростов облусундагы Гуково чек ара өтмөгүндө кабарчыларга берген интервьюда качкындарга катар аскер үлгүсүндөгү формачан жигиттер Украина тараптан өтүп жатканын айтты: "Муну жеңил айтып болбойт, бирок колдоруна бала көтөрүп, чоң баштык артынган адамдардын дем алышка баратпаганы анык. Биз аскер үлгүсүндөгү формачан жаш жигиттердин Орусия Федерациясынан Украинага жана артка өтүп жатканын да көрдүк. Муну колуңардагы билдирүүдө чагылдырдык. Биздин байкоочулар андай бир нече топту көрдүк."

6-августта НАТОнун билдиришинче, Орусия Украинанын чек арасына 20 миңдей аскер жайгаштырган. Альянстын айтымында, Москва аскерлерди Украинанын ичине гуманитардык же тынчтык миссиясын аткаруу үчүн пайдаланышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG