Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

Ак үйдө эбола вирусуна каршы дары табыш үчүн жумушчу топ түзүлөт


АКШ президенти Барак Обаманын администрациясы эбола илдетине каршы препарат иштеп чыгуу максатында атайын жумушчу топ түзөт. Бул тууралуу АКШнын аллергия жана жугуштуу оорулар боюнча Улуттук инстититунун директору Энтони Фоки билдирди. Эксперименттик дары жакында илдет жуктуруп алган АКШнын эки жаранына колдонулуп, ооруну жеңилдетүүгө жардам берген.

Жумушчу топтун курамына дарыгер-окумуштуулар жана медицина тармагында иштеген мамлекеттик кызматкерлер кирет.

Батыш Африка мамлекеттеринде кеңири тарап жаткан эбола вирусунан февралдан бери миңге жакын адам каза болду. Дарт жуктуруп алгандар 1700дөн ашат. Арасында АКШнын эки, Испаниянын бир жараны бар. (SE)

XS
SM
MD
LG