Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:10

Өзбекстандык кыргыздарга окуу жайга кирүү үчүн сынак өтөт


Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети. 2014.
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети. 2014.

Өзбекстанда жашаган этникалык кыргыздар Кыргызстандагы жогорку окуу жайларга кирүү үчүн 17-18-август күндөрү атайын сынак тапшырат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Өнөктүк президенттин “Чет элдеги этникалык кыргыздардын билим алуусуна жана улуттук маданиятты өнүктүрүүгө салым кошуу жөнүндөгү” буйругунун негизинде жүргүзүлөт.

Окууга тапшырууну каалагандарды каттоо 16-августта аяктайт. Каттоо үчүн абитуриент паспортун, аттестатын же дипломун көрсөтүшү кажет.

2010-жылга чейин Өзбекстандан келип окугандар дээрлик Кыргызстандагы ар бир окуу жайда болгон. Төрт жыл мурдагы саясий окуялардан кийин алардын саны кыскарып кеткен. (SE)

XS
SM
MD
LG