Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:22

Биометрика боюнча келишимге кол коюлду


Биометрикалык жабдууларды сатып алуу боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты. Эки тур менен өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгында тандалып алынган германиялык "Гизоке жана Девриент» компаниясы менен кол коюлган келишимге ылайык, кийинки апталардан тарта Кыргызстанга биометрикалык жабдыктар алынып келе баштайт.

Июнь айында жарыяланган конкурска жалпысынан 14 компания катышкан. Биринчи турдун жыйынтыгы менен алтоо тандалып алынган. Алардын арасында 3 франциялык, Монголия, Нидерланд жана Германиядан бирден компания бар болчу.

Президент Алмазбек Атамбаев биометрикалык маалыматтарды топтоону 31-августтан тарта баштоону тапшырган. Бул үчүн өкмөт 260 млн. сом каражат тапканы кабарланган. Биометрикалык каттоо 2015-жылы боло турган парламенттик шайлоону ачык-айкын өткөрүүнү камсыздоого багытталган.(BkA)

XS
SM
MD
LG