Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:18

Акыйкатчы балдар абагындагы мыйзам бузууларды аныктады

Бул тууралуу бүгүн Акыйкатчы аппаратынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Жаза аткаруу кызматына караштуу №14 балдар абагын текшерүү учурунда бир катар мыйзам бузуулар аныкталган. Атап айтканда, алгач ирет кесилген балдар мурда бир нече жолу соттолгон өспүрүмдөр менен бир камерада кармалууда. Бул Кылмыш-жаза кодексинин талаптарын бузуу экенин укук коргоочулар эскертүүдө. Мындан сырткары бул абакта соттолуучуларга мунапыс мыйзамы туура эмес колдонулганын билдирди.(BkA)

XS
SM
MD
LG