Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:34

Баткендеги айланма жол курулушу качан жанданары белгисиз


Баткендеги Тажикстандын Ворух анклавын айланып өтчү Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушу качан жанданары белгисиз. Бул тууралуу “Азаттыкка” Баткен район акиминин орун басары Таалай Ибраимов кабарлады. Анын айтымында, азырынча жолдун курулушун жандантуу боюнча көрсөтмө боло элек.

Буга чейин кыргыз өкмөтүнүн чек араны тактоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров “Азаттыкка” аталган жолдун курулушу өткөн аптада башталарын билдирген эле.

Жалпы узундугу 25 чакырымдай бул жолдун курулушу былтыр апрель айында башталган. Бирок тажик тараптын ага каршылыгынан улам курулуш жүрбөй, бир нече жолу жаңжал чыгып, токтоп калган.(BkA/JsA)

XS
SM
MD
LG